Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Астананын Конгресс борборуна келди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Конгресс-борборго келди.

Иш-чарага катышуу үчүн келген КМШ мамлекеттеринин башчыларын Конгресс борбордо Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы жолугушуу залына өтүштү. 

Иш-чаранын алкагында Шериктештиктин ичинде өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча бир катар документтер каралып, кабыл алынат.

Жыйында 2023-жылы КМШга төрагалык кылууну Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жана Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумун Бишкек шаарында өткөрүү боюнча чечим кабыл алынышы күтүлүүдө.