Президент Садыр Жапаровдун Казакстанда иш сапары уланууда
Новость

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанда иш сапары уланууда. 

Мамлекет башчысы Астанада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана «Борбор Азия+Россия» Мамлекет башчыларынын саммитине катышат. 

Казакстандын борборунун Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI Саммити өттү. 

Иш-чарага кыргыз Президенти Садыр Жапаров жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин жетекчилери катышты. 

Уюм Азия континентинин 90%ын камтып, бул ирет Кувейттин кеңешке кошулушу менен 28 мүчө мамлекетке чейин көбөйдү.