Мас абалында рулга отургандар айдоочулук күбөлүктөрүнөн өмүр бою ажыратылышы ыктымал
Новость KTRK/videograp

Мас абалында рулга отургандар айдоочулук күбөлүктөрүнөн өмүр бою ажыратылышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги акыркы 9 айдагы ишмердүүлүктөрү тууралуу маалымат берип жатып билдирди. 

Учурда Жогорку Кеңеште тиешелүү жаза чараларын күчөтүү жаатында мыйзам долбоору кароодон өтүп жатыптыр. Жол сакчылары бул аракет жолдогу маданиятты көтөрүүгө багытталганын айтышууда.