Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына караганда, 3-октябрга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.
Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.
2022-жылдын 9 ай жана 1 күнүндө COVID-19дун 21 миң 412 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 405 учур лабораториялык түрдө жана 2007 клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.