Баткен: Куралдуу кол салуудан жабыркаган айылдар
Новость www

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Баткендин чек арага четкеш 15 чакты айылы жабыркаган. Алардын катарында Кара-Бак айылы да талкаланып, тонолуп, өрттөлгөн. Учурда элеттиктер күндүзгү гана убакта четинен айылына барып, кожолуктарынан кабар алып кетүүдө. Ошондо да кооптуулук бар болгондуктан күч түзүмдөрү карабактыктарды этият болууга үндөп, көзөмөл кылышууда. Ал арада айыл жаштары камкордуктун бийик даражасын көрсөтүп, аскер адамдары жана жергиликтүүлөр үчүн нан бышырып, аны акысыз таратууда.