Кечээ жакында жааган кардан улам өлкөдөгү ашуулар аркылуу өткөн жолдор тайгалак болду.
Буга байланыштуу, унаа тыгыны да жаралган эле.
Өзгөчө Ош-Бишкек унаа жолундагы жүргүнчүлөр бир нече саат жолдун ачылышын күтүп калган.
Учурда ашуулардагы кардын калыңдыгы 25 сантиметрди түзөт.
Адистер болсо алдын ала айтылган аба-ырайына карап жолго чыгууга чакырат.