Бишкектен Баткен облусуна дагы 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү
Новость

Бишкектен Баткен облусуна дагы 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна борбор калаанын кайрымдуу жарандарынан жалпы салмагы 50 тоннаны түзгөн 3 оор жүк ташуучу унаа менен гуманитардык жардам жөнөтүлдү. 

Белгиленгендей, 16-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн резервинен Баткен облусуна 67 тонна, ал эми кайрымдуу жарандардан 40 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.