Тажик тарап өз үйлөрүн өрттөдү
Новость www

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы тажик тарап ар кандай чагымга барып жатканын маалымдады. “Тажик тарап ок атышуу токтоткон маалда тажик жарандары Богдари калктуу конушундагы өз үйлөрүн өздөрү өрттөй баштады. 

Алардын мындай аракеттери кийин кыргыз тарапты айыптоо үчүн атайлап жасалган чагым болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап кошумча аскер күчтөрүн тартып жатканын маалымдады.