Садыр Жапаров : “Санарипти ишке ашыргысы келбеген министрлер кызматтан кетет”
Новость

БШКга караштуу өлкө боюнча жалпы 70 жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды. Бул долбоорду ишке киргизүүгө Президент Садыр Жапаров старт берип, санариптештирүү - бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы тренди экенин белгиледи. Аталган борборлорду түзүү жарандык жана санариптик билим берүүнү системалаштырууга, жарандык, укуктук, санариптик билим берүүнүн ар кандай программаларын туруктуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет.