Садыр Жапаров: "Тапшырылган сыйлыктар мындан аркы ишиңиздерге чек болуп калбасын"
Новость султан досалиев

Талыкпаган эмгек – ийгиликтин ачкычы. Бүгүн Президент Садыр Жапаров өзгөчө эмгеги үчүн айырмаланган ар кыл тармактын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Өлкө башчысы эмгек жашаган өмүрдүн узактыгы менен эмес, мекенине кылган ак кызматына, өнүгүүгө кошкон олуттуу салымына жараша бааланарын белгиледи. Мамлекеттик сыйлыкка арзыган жарандарга Президент ыраазычылык билдирди.