Экономикалык аймакка 6 млн сом инвестиция тартылган
Новость

Быйылкы жарым жылдыкта Бишкек Эркин экономикалык аймагында 19 жаңы субъект катталды. Бул мезгилде тартылган инвестициянын көлөмү 6 миллион сомдон ашуун каражатты түздү. Эркин экономикалык аймактын ишмердүүлүгүнүн аркасында эки миңден ашуун адам жумуш менен камсыз болгон.