Бишкек шаарында курулуп жаткан социалдык объектилердин сапаты көзөмөлдө
Новость www

Бишкек шаарында курулуп жаткан социалдык объектилердин сапаты көзөмөлдө. Бул тууралуу калаа башчысы мектептердин курулушу менен таанышып жатып билдирди. Айтымында, курулушу тез бүткөн үч мектеп 1-сентябрда колдонууга берилет. Ал эми куруу жумуштары 80-85 пайызга бүткөндөрү айдын 15де, калгандары жыл аяктап пайдаланууга берилет.