Кыргызстанда бир жумада COVID-19дун 179 жаңы учуру катталды
Новость

Кыргызстанда 22-28-август аралыгында COVID-19дун 179 жаңы учуру катталды. 

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиргендей, жалпы катталган бейтаптардын 26сы ооруканага жаткырылып, 153ү амбулатордук дарыланышууда. 22-августтан 28-августка чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. 

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул оорунун азайгандыгын көрсөтүп турат. 

2022-жылдын 8 ай жана 28 күнүндө бардыгы болуп 20 миң COVID-19 учуру катталды, анын 90,5 пайызы лабораториялык тастыкталган, 9,6 пайызы клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.