Кыргызстанда дем алыш күндөрү 25 өрт кырсыгы катталды
Новость

Кыргызстанда дем алыш күндөрү 25 өрт кырсыгы катталды. 

Маалыматка ылайык, алардын басымдуусу Чүй облусунда 7 учур болду. Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда бирден өрт кырсыгы катталган. Өрттү өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. 

Алсак, Ош шаарындагы Аношина көчөсүндө времянканын 50 чарчы метри чатыры, ашкананын 15 чарчы метр ички жасалгасы жана 1 муздаткыч, электр меши күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 

Бишкек шаарында Авангардный кыска көчөсүндө жыгач устун менен жабылган мончонун 4 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: Мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу экени аныкталган. 

Кара-Суу районунун Киров айылында Абдрахимов көчөсүндө аянты 170 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.