Айрым соттор мөөнөтүнөн мурда бошотулду
Новость

Президент Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Конституциянын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жана Судьялар кеңешинин тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражанова жана Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Ниматилла Каримбеков ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. 

Алар жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулду.