Балдарга зомбулук кылгандарга жаза күчөтүлдү
Новость www

Балдарга карата зомбулук кылгандар өмүр бою эркинен ажыратылат жана мунапыс берилбейт. Педофилия үчүн жазаны кыйла катаалдаткан мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документ балдардын кол тийбестик укуктарын, өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылууга багытталган. Мыйзамга ылайык балдарга карата кылмыш жасагандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт.