Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы мектептердин курулушу менен таанышты
Новость

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы мектептердин курулушу менен таанышты. 

Номер 6-гимназия менен Көлмө конушундагы орто мектептин кошумча корпусунун, Ак-Босого жана Ак-Ордо конуштарындагы жаңы мектептердин курулушун көрдү. 

Быйыл республикалык бюджеттин эсебинен борбор калаада мектептер үчүн 2 жарым миллиард сомго 16 объект даярдалууда. Алардын көпчүлүгү сентябрь айында пайдаланууга берилет.