COVID-19. Кыргызстанда бир жумада 895 учур катталды
Новость

Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 895 адамдан коронавирус тастыкталды. Бул маалыматты Чүй облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Акылбек Исаев билдирди. 

Алардын ичинен: 628 адам COVID вирусунун белгилери менен аймактык медициналык пункттарга кайрылган, 187 адамдан өлкөдөн чыгып жатканда ПЧР-тест аркылуу тастыкталган, 67 адам бейтаптар менен байланышта болгон ал эми 13 адам өлкөгө кайтып келген мигранттардан аныкталган.