Бишкек шаарында арзан көмүр сатылууда
Новость

Бишкек шаарындагы беш кампада көмүр сатылууда. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Алыкулов 6 дарегине 100 тоннадан ашык көлөмдө көмүр түшүрүлдү жана анын баасы 4 миң сомдон сатылат.

Көмүр сатылган кампалардын дарегине токтолсок Мурманский 6, Кыргыз Темирдин аймагы, Алма-Ата/Объездной, Кара-Жыгач жана Ак-Босо конуштарындагы ири кампаларда сатылууда. Аталган даректерди керектөөчүлөр "Кара-Кеченин" көмүрүн сатып ала алышат. 

"Кыргызкөмүр" Мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги шаардыктарга көмүрдү азыртан баштап сатып алууну сунуштайт.