Кыргызстан географиялык жактан татаал жана тоолуу аймакта орун алганына карабастан, мобилдик жана фиксациялык байланыш менен керңири камтылган.
Бүгүнкү күндө интернетти калктын 70 пайызы колдонот.
Муну менен бирге өлкөбүз маалыматтык-коммуникациялык технологияны өнүктүрүү жаатында секирип жасап, 112- саптан 97- сапка көтөрүлгөндүгүн эл аралык байланыш бирлигинин изилдөөсү аныктап чыккан.
Соңку жылдары өлкөдө интернет-пайдалануучулардын саны жыл санап өсүп жатат. Өткөн жылы байланыш тармагында айланган акчанын жалпы суммасы 28 миллиардды түзгөн. Анын 6 миллиарды интернет тармагынын үлүшү эле. Кыргызстандын 70 пайыз калкы интернет колдонуучулар болуп саналат. Бүгүнкү күндө да интернет тармагын өнүктүрүү өкмөттүн негизги багыттарынын бири. Интернет менен Кыргызстандын баардык айыл-кыштактары камсыз болгондо гана электрондук өкмөт долбоору ийгиликтуу ишке ашып, коррупция менен жемиштүү күрөшүүгө өбөлгө болот деп белгилешет адистер.
Назира Молдокулова