Экстремизмге каршы күрөштө маалымат каражаттарынын ролу дагы маанилүү. Анткени азыркы учурда терроризм менен экстремизм Борбордук Азияда гана эмес, дүйнөлүк масштабда тынчсызданууну жараткан темага айланды.
Бул маселе эл аралык жана жергиликтүү медиа эксперттердин, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер жана саясатчылардын катышуусунда өткөн ири конференцияда талкууланды.
Иш-чара массалык маалымат каражаттарынын, жарандык коомдун жана мамлекеттик мекемелердин экстремизмге каршы күрөшүүдө өз ара тыгыз кызматташуусуна шарт түзүү максатында уюштурулган. Анда медиа серепчилер терроризм темасын чагылдырууда кабарчыларга диний темадагы талкууларды көп уюштуруу максатка ылайык экенин белгилешти.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118