Кыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан “Атанын керээзи” тасмасы, “Оскар” сыйлыгынын “Мыкты чет элдик кино” номинациясы үчүн ат салышат.
Азыркы тапта, бул номинация боюнча дүйнөнүн 87 өлкөсүнөн фильмдер тандалууда. Тандоо туру 3-октябрда жыйынтыкталат. Эскерте кетсек, “Оскар” сыйлыгынын “Чет тилдеги тасмалар” номинациясы 1956-жылы түптөлгөн.
Сынактын жыйынтыгы болжолдуу түрдө бир айдан кийин жарыяланат.