“Кумтөр”: Акталган үмүт - тарыхта кала турган окуя
Новость www

Бишкек шаарынын тургуну Гүлайым Кыдырганова башка мекендештердей эле кубанычы койнуна батпай турган учуру. Телеканалдардан “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу жол-жоболору болгонун көрүп, сүйүнүчү менен кошо кейигенин да жашырган жок. Тарыхый адилеттүүлүк орногонун айткан Гүлайым апа бул окуя жыйырма жыл мурда болушу керектин белгилейт.