Августта Кыргызстанга "Pfizer" вакцинасы алынып келет
Новость

Августта Кыргызстанга 100 миң 620 доза "Pfizer" вакцинасы алынып келет. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Буга чейин мэрия Бишкекте "AstraZeneca", "Спутник-Лайт", "Moderna", "Pfizer" вакциналары түгөнгөнүн айтып, "SinoPfarm" вакцинасы менен гана эмдөө жүрүп жатканын билдирген. Республикалык иммундук профилактика борбору өлкөдө эпидемиологиялык абалдын начарлашын күтпөй, азыртан вакцина алууга чакырды. 

"Июндун аягынан тарта Кыргызстанда коронавирус жуктургандар көбөйгөнү байкалууда. Илдет илештиргендердин басымдуу бөлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүп жатат. ДССУ күз-кыш мезгилинде эпидемиологиялык кырдаал күчөшү мүмкүн деп божомолдоодо. Ошондуктан сентябрга чейин COVID-19га каршы вакцинанын кошумча дозасын алыш керек", — деп айтылат маалыматта. 

Маалым болгондой, учурда өлкөдө "SinoPfarm" вакцинасы бар.