Ош шаарында тамактануучу жайдан өрт кырсыгы катталды
Новость

Ош шаарында ири өрт чыкты. Анда калаадагы Навои көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жай күйгөн. Бул боюнча маалымат өрт өчүрүү кызматына бүгүн саат 09:55те түшкөн. 

Ыкчам аракет көрүлүп, Ош шаардык өртө каршы куткаруу бөлүмүнөн жалпы 5 топ кырсык болгон жерде тилсиз жоого каршы бардык аракеттерди көргөн. 

Натыйжада саат он жарымга барып өрт чектөөгө алынган. 

Учурда өрттүн чыгуу себептери менен келтирилген зыян такталууда.