Республикалык штаб: Кыргызстанга киргенде ПЧР-тест талап кылынбайт
Новость www

Коронавируска каршы Республикалык штаб Кыргызстанга киргенде COVID-19га ПЧР-тест талап кылынбай тургандыгын айтты. Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Чек ара кызматы, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана «Манас» эл аралык аэропортунун биргелешкен буйругу 1-майда күчүнө кирген. 

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүктөр Кыргызстандын чек арасына кирерде COVID-19га каршы эмдөө тууралуу сертификатты көрсөтпөй эле өтө алышат. "Бирок ПЧР-тестти тапшырганы тууралуу маалым кат сиз барууну пландап жаткан айрым өлкөлөр талап кылышы мүмкүн. Ошондуктан тышка чыгарда чет мамлекеттердин кирүү/чыгуу эрежелери менен алдын ала таанышып алган маанилүү. Сиз мындай кызматтарды көрсөткөн жеке жана мамлекеттик каалаган лабораториядан текшериле аласыз", - деп айтылат маалыматта.