Патрулдук милициянын ишмердүүлүгү Парламентте сынга кабылды. Бул кызмат түзүлгөн менен абал өзгөрүүсүз бойдон калып жаткандыгын эл өкүлдөрү айтууда. Ал арада бул жааттагы адистер да айтылгандардын жүйөөсү бар экендигин моюнга алууда.
Эске салсак, патрулдук кызмат, 1-апрелден тарта Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштей баштаган . 1-июлдан тарта республиканын калган аймактарында уланган.
Эске сала кетсек, Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул кызматы бириктирилип Патрулдук милиция түзүлгөн. Ал 1-апрелден тарта Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштей баштады. Ал эми 1-июлдан баштап Кыргызстандын башка аймактарында кызматка киришкен.
Гүлбүбү Усенова