Жогорку Кеңеште КТРКнын ишмердүүлүгү каралды
Новость KTRK/videograp

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, маданият жана билим берүү комитети Коомдук биринчи каналда саясий өңүттөгү видеосюжеттер кандай мүнөздө берилиш керек деген теманын үстүндө талкуу жүргүздү. Бул боюнча комитетке парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайрылып, Коомдук биринчи канал аны бир жактуу каралап жатканын айткан. Айрым депутаттар комитет жыйынын саясий билдирүүлөр үчүн колдонуу туура эместигин белгилешти. 

Коомдук биринчи канал боюнча маселе негизи жыйындын күн тартибине киргизилген эмес. Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин өтүнүчү менен ал кошумча маселе катары кирип, биринчи болуп каралды. POST1RIGHT

Өмүрбек Текебаев Коомдук биринчи канал ага карата объективдүү болбой жатканын айтып нааразы болду. Көбүнчө телеканал анын үй-мүлктөрүнүн көлөмү тууралуу сюжетти көп көрсөткөнү жаккан эмес.
Текебаев баяндамага берилген 10 мүнөттөн ашып, көпкө сүйлөдү. Бул арада президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев сөз сурап, комитеттин жыйынын саясий билдирүүлөр үчүн пайдалануу туура эместигин эскертти.

Коомдук биринчи каналдын башкы директору Илим Карыпбеков, Ата Мекендин лидеринин ага карата айтылган сын-пикирлеринин бардыгы эске алынарын билдирди.

Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө жаңы ачылган “Ала Тоо 24” каналы тууралуу да эске сала кетти. Айтымында, телеканал анын дарегине карата айтылган сын-пикир материалдарды көп кайталап жатат. Илим Карыпбеков кайталоо атайын эмес, күнү-түнү эфирге чыгып жаткан каналдын иштөө эрежеси ушундай экенин түшүндүрдү.

Аны менен катар депутаттар Коомдук биринчи канал саясий өңүттөгү сюжеттерди берүүдө анын ар тараптуулугуна көңүл бурса дешти. Социал-демократ Наталья Строкованын айтымында, мындай эрежени бир гана мамлекеттик эмес, жеке телеканалдар дагы карманышы керек.
Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү Коомдук биринчи каналдын ар тараптуу же бир жактуу экенин КТРКнын байкоочу кеңеши карап, жыйынтык чыгарышы керек деген чечимге келишти.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118