КМШ мамлекеттеринин "Үмүт" кинофоруму өтүп жатат
Новость

Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жаш кино режиссёрлорунун онунчу мааракелик "Үмүт" кинофоруму өтүп жатат.

Фестивалдын максаты - КМШ өлкөлөрүнүн таланттуу жаш режиссёрлорун колдоо. Бул жолку кинофорумга жаштарды адеп-ахлактык тарбияга үндөгөн мазмундагы жаш режиссёрлордун отуздан ашык тасмасы катышууда. 

Бул тасмалар калыстар тосубунун сынынан өтүп, 23-июнда сыйлыктар тапшырылат. 

Быйылкы кинофорум Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр Геннадий Базаровдун 80 жылдык мааракесине арналып, өткөрүлүүдө.