Пара алып жаткан жеринен милиция кызматкерлери кармалды
Новость www

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн эки милиционери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

 11-майда ИИМдин ички иликтөө кызматына кайрылган жаран эки милиционер анын телефонуна уруксатсыз көчүрүп алган видеону "жайылтабыз" деп коркутуп, бир айдан ашык убакыттан бери 15 миң сом талап кылып жатышканын билдирген. 

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренеси менен иш козголгон. "Ыкчам кызматкер менен тергөөчү 3-июнь күнү Свердлов РИИБдин имаратына жакын жерден талап кылган суммасын алып жаткан жеринен кармалышты. 

Тинтүү учурунда алардын күнөөсүн аныктаган далилдер табылды", — деп айтылат маалыматта.

Милиционерлер Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Министрликтен белгилешкендей, милициянын атын булгаган, пара алган, мыйзам бузган тартип сакчылардан катарын тазалап жатат.