Кыргызстандагы 450 миңден ашуун жаранга берилүүчү жөлөкпулдун көлөмү көбөйдү
Новость www

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 2021-жылдын октябрынан тарта калктын аялуу катмарынын 15 категориясына жөлөкпул көбөйтүлгөн.

«2021-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана калктын аялуу катмарына мамлекеттик жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлгөн - 2021-жылдын октябрында, 2022-жылдын январь, июнь айларында жарандардын 15 категориясы үчүн социалдык жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү. 

Былтыркы жылдын 1-ноябрына карата алардын саны 95,6 миң адамды түздү. Быйыл 1-январдан баштап алуучулардын айрым категориялары үчүн социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү да көбөйтүлдү, ал эми 1-июндан тарта калган жарандардыкы жогорулады», - деп билдиришти министрликтен. 

Бүгүнкү күндө социалдык жөлөкпул алган жарандардын жалпы саны 101миң 800 адамды түзөт - бул майыптыгы барлар, кары-картаңдар, жетим балдар, ВИЧ/СПИД менен жашаган энелерден төрөлгөн балдар.

Жөлөк пул алгандардын көпчүлүк бөлүгүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашагандар жана «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган 16 жашка чейинки балдар түзөт. 

Жөлөкпулдун өлчөмү 2016-жылдан бери 810 сом калыбында келген. 1-июндан тарта жөлөкпулдун өлчөмү ай сайын ар бир бала үчүн 1200 сомго чейин жогорулатылды. 

Жөлөкпулу көбөйгөн кыргызстандыктардын саны 450 миңди түзсө, алардын 80%ы балдар.