Жүрөк кемтигинен жабыркаган 25 адамга акысыз операция жасалды
Новость

Жүрөк кемтигинен жабыркаган 25 адамга акысыз операция жасалды. 

Аны Бириккен Араб Эмираттарынан келген дарыгерлер Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту менен бирге ишке ашырды. 

“Набадат” аталышындагы кайрымдуулук акциясы “Ихсан Хайрия” фондунун демилгеси менен 31-май, 1-июнь күндөрү өткөрүлдү. Кымбат баадагы операция жогорку технологиялар менен жасалды.