Вьетнамда дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө ачылды
Новость

Вьетнамда дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө ачылды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазууда. Узундугу 632 метрди түзгөн уникалдуу курулуш Сон-Ла провинциясында жайгашкан. Анын бийиктиги жунглиден 150 метрде жайгашып, таманы жана тосмолору толугу менен айнектен жасалган. 

Иштеп чыгуучулардын айтымында, конструкция коопсуз жана 450 адамга чейин көтоүп, туруштук бере алат. Бирок көпүрөнү алсыз адамдар оңой менен басып өтө албайт. Аталган көпүрө "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.