Японияда жогорку сорттогу эки коон аукциондо 23 миң 55 долларга сатылды. Аукцион Хоккайдо аралында өтүп, сатып алуучу мөмө-жемиштерге үч миллион иен төлөгөн. «Юбари» аталышындагы ачык кызгылт сары түстөгү ширелүү коон таттуу даамы үчүн жогорку сорт болуп саналат. Ошол эле учурда, жемиш дээрлик кемчиликсиз шар формасына ээ. Бул коондор Күн чыгыш өлкөсүндө эң кадыр-барктуу белек катары эсептелет.