К.Батыровдун жоопкерчиликтен качып кутулуусуна көмөктөшкөндөр кимдер болгон?
Новость KTRK/videograp

2010-жылдын июнь айы. Кыргызстандын түштүгү жаңжалга чулганды. Адамдар набыт болуп, үйлөр, администрация имараттары, дүкөндөр өрттөнду.  Андагы бийлик жаңжалды токтотууга болгон күч аракетин жумшады. Түштүктө өзгөчө кырдаал киргизилип, Исмаил Исаков комендант болуп дайындалат. Ал эми Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылган.

Кагылышуунун күнөөкөрлөрүнүн ысымдары дароо аталып, ал өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыров жана анын айланасындагылар экенин жарыялашты. Анын өзбек улутундагылар көп жашаган аймактарга барып, митинг уюштурууга үндөп жүргөну белгилүү эле. Анын эл алдындагы чакырыктарынын кесепети улут аралык кагылышуунун себеби болду. Бирок күнөөлүүнү кармоого азырынча мүмкүн болбой келет, Батыров качып кеткен, тактап айтканда ага өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам беришкен.

Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине ким жардам берген? Бул суроо азыркыга чейин көпчүлүк кыргызстандыктарды эки жаатка бөлүп келет. Көп фактылар, күбөлөр ошол убакта Каыдржан Батыровдун качышына Убактылуу өмөттүн мүчөлөрү жардам берген дегенге алып барат. Бирок кимдер алар? POST1RIGHT

Бул Убактылуу өкмөттүн Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине жолдогон расмий каты. Анда Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт берүү жазылган. Каттын автору Убактылуу окмоттун аппарат жетекчиси Эдил Байсалов. POST2LEFT

Ар кандай маалыматтар боюнча мындай көрсөтмө Байсаловго Роза Отунбаева менен Өмүрбек Текебаевден келген. Бул фактыны сепаратист Кадыржан Батыровдун жакын санаалашы, республиканын аялдар Конгрессининин Ош аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Карамат Абдуллаева тастыктаган. Фергана Ру сайтына берген маегинде ал Роза Отунбаева менен жолугушканын жана анын Кадыржан Батровго жардам көрсөтүү боюнча убадасын айтып берген.
 
Роза Исаковна бизден эч кандай талаш-тартыштарга катышпай, туруктуулукту сактоону суранды. Кадыржан Батыровду эч ким кармабайт деп убада берген. Ал бизди Батыров Жалал-Абаддан убактылуу кете турсун деп сүйлөшүп берүүбүздү суранган. Бул сүйлөшүүлөрдүн күбөлөрү Эмилбек Каптагаев жана Эдиль Байсалов болушкан. Эркектерден турган биздин делегация Кадыржан Батыров менен жолугушуп, аны Жалал-Абаддан чыгып кетүүгө мажбурлашкан.

Карамат Абдуллаеванын сөзүн Роза Отунбаеванын мурдагы жакын санаалашы Топчубек Тургуналиев да тастыктайт. Ал апрель ынкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон жана алардын бардык сырларын жакшы билет.
 Бирок Роза Отунбаева Кадыржан Батыровдун качуусуна көмөктөшкөн жалгыз адам эмес, айрым фактылар бул иштерге Убактылуу өкмөттүн башка мүчөсү, белдүү саясатчылардын да катышканын көрсөтүп турат.

Асылбек Текебаевдин сепаратист Кадыржан Батыров менен байланышы бар экени мурдатан эле белгилүү болчу. Бул алардын түштүктө эл алдында сүйлөп жаткандары. Алардын жанында Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов да турган. Кадыржан Батыров өзүнүн жакын союздаштарына таянып түштүктү автономия кылууну талап кылып жүргөнү да чындык болушу мүмкүн. Бирок мындай иш өз нугунда уланып кеткен эмес. Андыктан өлкөнү таштап чыгып кетти. Булар тууралуу Жалал-Абад облусунун ошол кездеги губернатору буларды айтат.

Мына ушундай жол менен Кадыржан Батыров чыныгы жоопкерчиликтен качып кутулган. Кан төгүүлөрдүн күнөөкөрү болсо чет өлкөдө ээн-эркин жашап жүрөт, Текебаев менен Отунбаева болсо ал окуяларды эстебегенге аракет кылышат. Анан Батыровдун аты аталып калса эле журналисттерди калпка айыптап, же иш-чараны таштап басып кетишет. Бирок эртеби-кечпи чындык ачыкка чыгары айкын иш.