Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуусу болду
Новость www

Бишкек шаарында Президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуусу болду. 

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы "Ак-Кеме" мрамор чатырынын астында Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинген. 

Мамлекет башчылары ардактуу кароол менен учурашкан соң, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. 

Өлкө лидерлери Ардак кароолдун командиринин рапортун кабыл алышып, ротанын алдынан басышты. 

Андан кийин Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырышты. 

Ардак кароолдун аскерлери эки өлкөнүн башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү. Эстеликке сүрөткө түшкөн соң, мамлекет башчылары чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүгө багыт алышты.