УКМК мамлекеттик мекемелердеги коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жана Президенттин “Жасалма дипломду жана кош жарандуулук фактыларын аныктоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкеринин УКМК кызматкерине пара берүү фактысына бөгөт коюлду.
УКМКнын кызматкерлери Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси тарабынан жасалма диплом колдонулганы аныкталып, ал өзүнүн жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом сунуштаган.
24-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 160 миң сом пара берип жаткан жеринен айыл өкмөттүн кирешелер боюнча башкы адиси кармалды.
Учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.