Жакында Варшавада ЕККУнун “Адам укуктары боюнча эл аралык конФенциясынын” 3-сессиясы болуп өттү. Анда өзбек сепаратисттеринин лидери Кадыржан Батыров сөз сүйлөп, Кыргызстандагы бир топ жагдайларга пикирин айткан. Арасында убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн билдирүүлөрү, Конституцияга кирип жаткан өзгөртүүлөр жана президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен Башкы прокуратура - Батыровдун качуу ишин териштире баштаганы жана башкалар бар.
Бул 2010-жылы улуттар аралык жаңжал уюштурду деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган ишкер Кадыржан Батыров. Ал ЕККУнун Варшавада жыл сайын өтчү адам укугу боюнча жыйынында сөз сүйлөп жатат. Анын жанында отурган укук коргоочу Төлөкан Исмаилова.
Кадыржан Батыровдун бул билдирүүсү коомчулукта ар кандай кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Кыжыры келгендердин баары кандай жол менен Батыров эл аралык уюмдун аянтчасын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна таң калууда. Парламент депуттары да издөөдө жүргөн Батыровдун билдирүү менен чыкканына айран таң. Депутат Таабалды Тиллаев Батыровдун ЕККУнун жыйынында сүйлөгөнүнө саясий баа берүүгө чакырды.
Эл өкүлү Айнуру Алтыбаева да нааразычылыгын билдирип чыкты. Депутат эл аралык иштер жана коргонуу боюнча комитеттин отурумунда тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө Батыров кантип жогорку трибунада билдирүү жасоого дарамети жетти деген суроо узатты. Тышкы иштер министринин орун басарынын айтымында ал буга чейин укук коргоочу катары өз пикирин билдирип келген.
Алтыбаева Кадыржан Батыровду Кыргызстандын соту улут аралык жаңжалга от жакканына айыптаган деп тышкы иштер министрлигине ЕККУнун дарегине каршылык нотасын жиберүүнү сунуштады. Батыров этникалык маселени өз кызыкчылыгында пайдаланып, өлкөдө тынчтык менен туруктуулукка кооптонууну жаратып келген. Кыргызстандыктар аны 2010-жылдын июнунда болгон чыр-чатакты тутандырган деп күнөөлөп келет. Сыртынан соттолуп, издөөдө жүргөн адам ЕККУну пайдаланып, Кыргызстандагы абалга билермандык кылып, каалаганын айтканы менен бул конференцияга катышкан кыргыз делегациясы ага карата эч кандай таасир эте алган эмес.
Эске сала кетсек башкы прокуратура кайра ачылган жагдайлар боюнча Кадыржан Батыровго карата кылмыш ишин козгогон. Прокуратура буга чейин Швециянын бийлиги Кыргызстанга аны экстрадициялоодон баш тартканын билдирген. Башкы прокуратура элчилик байланыштар аркылуу Швеция менен эки жыл кат алышкан.
Кадыржан Батыров Конституцияга кирип жаткан өзгөртүүлөргө каршылыгын билидирип, анын 2010-жылы өлкөдөн качып кетишине байланыштуу кайрадан козголгон кылмыш ишине нааразылыгын айткан. Ал ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн да жактап чыккан. Ошону менен бирге ал оппозицияга кысым көрсөтүп жатат деп Кыргызстандын бийлигин сынга алып, эл аралык коомчулукту соттолуп, абакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жагдайына да көнүл бурууга чакырып өткөн.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118