Ал үчүн фермерлерге колдоо көрсөтүп, агрокомплексти модернизациялоо керек. Бүгүнкү күндө электрондук түрдө иш алып баруу айрыкча агроөнөр жай комплексин алга жылдырууга өбөлгө болууда. Мындан улам биримдикке мүчө өлкөлөрдүн маалыматтык системаларын интеграциялоо аракети көрүлүүдө.
Сүттү кайра иштеткен ишкананын адиси Эмил Макеев продукцияларын экспорттоо үчүн мурдагыдай көп убакыт коротпойт. Лабораториялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде гана Бишкек шаардык ветеринардык-фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынан башка өлкөлөргө чыгарууга уруксат кагаз берилет. Буга чейин борбордук аппратка арыз жазып, ал 14 күндө колго тийчү.