Ушул мезгилдин аралыгында ал институционалдык калыптануудан өтүп, аймактык экономикалык интеграция боюнча эл аралык уюм катары түптөлдү. Евразия интеграциялык долбоору бекем тарыхый-саясий пайдубалга ээ. Ошол эле учурда аны ишке ашыруу биринчи кезекте объективдүү экономикалык жана социалдык-маданий себептер менен шартталат.
Биримдиктин пайда болушу тарыхтын ченемдери боюнча, мурдагы советтик мамлекеттердин интеграциясынын сапаттык жаңы баскычка тез, ырааттуу өтүүсүнүн натыйжасы болду. Ал соодадагы ички административдик коромжуларды жана тоскоолдуктарды четтетүү, кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен, экономикалардын дараметин көтөрүүгө карай умтулууга негизделген. Негизги максат —биримдикке мүчө мамлекеттердин көз карандысыз экономикалык өсүшүнө көмөктөшүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.