Канаатташ кыргыз-казак эли азыркы эл аралык жагдайды, дүйнөлүк экономиканын абалын эске алуу менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча алаканы мындан ары дагы тереңдетиши керек. Бул тууралуу ой-пикирлерди жыйынга чогулган тарыхчылар, саясат таануучулар, коомдук ишмерлер ортого салышты. Ага Казакстандан да коноктор катышып, эки элдин мамилелеринин тарыхына көз чаптырып, өз баяндамаларын жасашты.
1992-жылдын 15-октябрында Кыргызстан дипломатиялык мамиле түзгөн өлкөлөрдүн катары коңшу Казакстан менен толукталган. Дал ушул эгемендүүлүк жылдары тараптардын ортосунда 160тан ашык мамлекеттер, өкмөттөр, мекемелер аралык макулдашууларга кол коюлду. Алардын негизин түбөлүктүү достук жана союздук мамилелер жөнүндөгү келишимдер түзөт.