“Кыргыз-казак катнаштары: өнүгүү тенденциялары” аталышындагы жыйын болуп өттү
Новость www

Кыргыз-казак кызматташтыгынын келечеги кең. Боордош өлкөлөр азыркы эл аралык жагдайды, дүйнөлүк экономиканын абалын эске алып, өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча алаканы мындан ары дагы тереңдетиши керек. Бул тууралуу ой-пикирлер борбордо өткөн “Кыргыз-казак катнаштары: өнүгүү тенденциялары” аталышындагы жыйында айтылды. 

Аталган эл аралык илимий-практикалык конференция коңшу өлкө менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган. 

Ага Казакстандан да коноктор катышып, эки элдин мамилелеринин тарыхына көз чаптырышып, кызматташуунун аспектилерин ортого салышты.