Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү аба каттамы июнь айынан тарта жанданат
Новость www

Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча аба каттамы июнь айынан тарта жанданат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин, элчилигинин активдүү иш алып баруусунун негизинде тараптар ушул жылдын июнь айынан баштап Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багытында үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруу боюнча макулдашууга жетишти. 

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча деталдуу маселелер жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда макулдашылмакчы.