Кыргызстанда чет тилдерин үйрөнгүсү келген жаштардын саны көбөйүүдө
Новость KTRK/videograp

Кыргыз улуттук университетинин 90 жылдыгына арналган конференцияда чет тилдерин өздөштүрүүгө байланыштуу маселелер талкууланды. Айрымдар окутуу усулдарын жакшыртуу зарылчылыгын айтып жатышат.

Бир катар окуу жайлардын өкүлдөрү чет тилдерин өздөштүрүү, тил илимдерине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Көпчүлүктүн пикиринде эмгек рыногу үчүн зарыл болгон тилдерди үйрөнүүгө тиешелүү шарттар жетиштүү.