1-июндан тарта жалпы оорудан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн берилүүчү төлөм жогорулатылат
Новость www

Майыптыктын тобуна жараша 500 сом, 1000 сом жана 3000 сомго көбөйөт.

Жалпы оорудан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга пенсия берүү нормасы 2010-жылы бекитилген. Республикалык бюджеттин жетишсиздигинен улам бул жаатта маселе 11 жыл бою көтөрүлгөн эмес. 2021-жылы гана 500 сом кошулган. Эми 1-июндан тартып төмөнкүдөй жогорулатылмай болууда.