2025-жылы жер шарынын калкынын 14 пайызы ковидден кийинки ооруларга чалдыгат. Бул тууралуу Республикалык штаб жазып чыкты.
Fractal Therapeutics америкалык компаниясы жүргүзгөн пандемиянын өнүгүшүн моделдештирүү боюнча изилдөө ушундай жыйынтыктарды көрсөткөн.
Эл аралык оорулардын классификаторуна киргизилген бул оорунун 200гө чукул ар түрдүү белгилери бар жана кээде жаштардын жана дени сак адамдардын жашоосун кыйындатат. Көптөгөн бейтаптарда ковидден кийинки абал айлап, ал тургай жылдап созулат. Ал эми дарыгерлер муну кантип дарылоо керектигин али так билишпейт.
Дүйнөдөгү окумуштуулар жапырт эмдөө аркылуу коронавирусту жуктуруунун кесепетинен өлүмгө учуроо жана ооруканага жатуу коркунучу кыйла кыскарганын билдиришүүдө. Бирок, беткап тагынбай коюуга али эрте: постковид жана лонгковид жаңы өнөкөт оорулар катары аталган. Алар вирустун курч фазасы бүткөндөн кийин дагы узак убакытка адамды кыйнайт.
АКШнын өкмөттүк отчеттуулук башкармалыгы болжол менен 23 миллион адам же кеминде 7 пайызы ковидден кийинки ооруларга чалдыгышы ыктымал деп божомолдойт.