Кагаз түрүндө иш алып баруу токтотулат
Новость

Мындан ары мекемелер аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү аркылуу жүргүзүлөт. 

Учурда мамлекеттик органдардын 68 пайызы аталган системага кошулду. 1-июнга чейин кагаз түрүндө иш алып баруу толук токтотулат. 

Муну менен учурдагы кагаз керектөө 50 пайызга кыскартылып, өлкө казынасынан жылына 112 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлөт.