Түркмөнстандын президенти Көчмөндөр оюндарына катышкандарды сыйлады
Новость ktrk.kg

II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда байге алган оюнчуларга жана «Галкыныш» чабандестер тобуна Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттигине шилтеме кылып “Түркмөнстан: Алтын доор” электрондук гезити жазып чыкты. POST1RIGHT

Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда түркмөн балбандары күрөштүн төрт түрүнөн - алыш, казак, кыргыз жана түркмөндөрдүн күрөшүнөн 15 алтын, эки күмүш, алты коло байге утуп алышкан. 

Ошондой эле улуттук ат оюндарын даңазалаган “Галкыныш” чабандестер тобу өнөрлөрүн ийгиликтүү тартуулаган. Бердымухамедов “Галкыныш” тобунун жетекчисине 30 миң доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык берип, байге ээлерине «Toyota Corolla», «Toyota Yaris» жана «Kia Cerato» үлгүсүндөгү унаалардын ачкычтарын тапшырган. II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна 62 өлкө катышкан. Командалык эсепте Түркмөнстан спортчулары 2-орунду алышкан


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118