Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры "Элес" спектаклин коюшту
Новость KTRK/videograp

Чыгарманын автору Асангүл Абдыгулова. Пьеса Ата Мекендик согуш мезгили учурундагы энелердин кайраты, аталардын айкөлдүгү, ошол мезгилде кыргыз элинин башынан өткөргөн тагдыры чагылдырылган.

Каада-салт, үрп-адатты бийик туткан карапайым калк. Кыз каадасы, жигит намысы. Сүйүүдөн достук шертин бийик койгон Искендердин чечкиндүү, курч мүнөзү. “Элес” спектакли дал ушундай кыргыздын асыл сапаттарын, идеологиясын чагылдыруу менен башталат.