Кыргызстанга кирүүдө ПЧР-тест жана COVID-19га эмдөө жөнүндө сертификат талап кылынбайт
Новость

Кыргызстанга кирүүдө ПЧР-тест жана COVID-19га эмдөө жөнүндө сертификат талап кылынбайт. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги, УКМКнын Чек ара кызматы, Тышкы иштер министрлиги, «Манас» Эл аралык аэропортунун ортосунда биргелешкен тиешелүү буйрукка кол коюлду. 

Буйрук 1-майдан тарта күчүнө кирди. Эскерте кетсек, ага ылайык Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар Кыргызстан менен мамлекеттик чек арадан ПЧР-тестти жана COVID-19га эмдөө жөнүндө сертификатты милдеттүү түрдө көрсөтпөстөн өтө алышат. 

Мындай чечим Министрлер Кабинети тарабынан өлкөдө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын азаюусуна байланыштуу кабыл алынды. Бирок дүйнөдө пандемия али аяктай электигин белгилей кетүү зарыл. Антиковиддик чектөөлөрдү алып салуу менен бирге темпин ыкчамдатуу жана калктын аярлуу топторуна басым жасоо аркылуу калкты COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы күчөтүлүүдө. 

Эпидемиологдордун божомолу боюнча коронавирус инфекциясынын кезектеги толкуну майдын этеги июнда болушу мүмкүн. Оорунун оор кесепеттеринен өзүңүздү коргоо үчүн азыртадан эмдөөдөн өтүүңүз зарыл.

Бүгүнкү күндө эмдөө – COVID-19га каршы эң натыйжалуу жана коопсуз чара.